"Болот Назаровду бошотконго чейин төгүп ырдайбыз". Акындар жана манасчылар Бишкек ШИИББдин алдына чогулушту

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган төкмө акын Болот Назаровду бошотуу талабы менен акындар жана манасчылар топтолушту. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдына чогулушууда. "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов порталыбызга билдиргендей, учурда 30дай адам бар.

"Ички иштер министрлигинин алдына чыккандар тарадык. Азыр Бишкек ШИИББинин алдына Эл артисттери баш болуп 30дай адам чогулдук. Катарга кошулуучулар дагы бар. Биз Болот Назаровду бошотуп чыгармайынча төгүп ырдай беребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Андан кийин акын Болот Назаров дагы кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2022-01-23 15:12:52
Эмне деп төгүшөт экен эми. Манасчыларчы манас айтышабы.
0
Nina.alex
2022-01-23 15:49:38
nazira...,Сенин ишин канча? Мээн жетпегенден кийин кысчу жерин кысып уйундо отура бер
-1
nazira...
2022-01-23 16:09:31
Nina.alex,сенин мээн жетеби анан. Сен экөөбүз эч кимге аралашпай кудай деп эле жүрөлүчү.
0
Nina.alex
2022-01-23 16:40:05
nazira...,Мейли, подруга
-1
Nina.alex
2022-01-23 16:43:51
nazira..., Мен сага Бакыт каалайм,подружке
-1
Katrina.
2022-01-23 16:38:29
Бул кетиште президент досу менен айдалганы калды.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан