Бишкек ШИИББинин алдына акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылып төкмөлөр топтолуп, ырларын төгүштү. Аларга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев чыгып "концерт коё турган жер эмес" деп айтып жаткан видеосу интернетке тарады.
"Бул жер - концерт коё турган жер эмес. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ушул жерде Маданият министрлигинин өкүлдөрү да бар экен. Силер эмне баңгизатын колдонгондорду колдоп келдиңерби? Угуп тургула, силер баңгизатын саткандарды колдойсуңарбы?", - дегенин угууга болот.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Андан кийин акын Болот Назаров дагы кармалганы кабарланган.
Бүгүн, 23-январда журналист менен акынды колдоп, алардын бошотулушун талап кылган митинг болду. Свердлов райондук соту журналист Болот Темировдун баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту. Ал эми акынды бошотуу талабы боюнча митинг Бишкек ШИИББдин алдында уланды.
Кийинчерээк шаардык милициядан төкмө акын бошотулганын маалымдашты.