Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, унаа оодарылып кетти. Кырсыктан 2 адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 27-чакырымында (Октябрь айылы) Лексус унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзүп оодарылып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган К.К. аттуу эркек жана 1988-жылы туулган Т.М. аттуу аял жаракат алышты. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы облустук ооруканага алып кетишкен. Жерине 4 куткаруучу тартылды", - дешти маалымат кызматынан.