Бүгүн, 24-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 348 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 149 метр куб, агып чыгышы 600 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 24-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 80 миллион метр кубду түзгөн.
Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 6 миллиардга түшсө, кийинки жылга кыйынчылык жараларын айткан болчу.