Өлкөдө 2020-жылга салыштырмалуу былтыркы жылы балык көп өндүрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.
"Өлкөдө 2020-жылы 5 139 тонна балык өндүрүлгөн болчу, 2021-жылы 10 344 тонна балык өндүрүлдү. Ошол эле учурда 2020-жылы 3 158 тонна балык экспорттолсо, былтыркы жылы 5 миң тоннадан көп балык экспортко жөнөтүлдү", - деди ал.