Акыркы аптада 17 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы аптада республикада 17 миң 761 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:
- айдоочулар тарабынан ылдамдыкты чегинен ашырып айдоо - 1733;
- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 198;
- техникалык кароонун эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6711;
- айдоочунун ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 279;
- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 144;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн –8005;
- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 40;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 212;
- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 840.

Ошондой эле аталган мекемеден бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар биринен башталарын унутпашы керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан