Чүй облусунда өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 15,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу 20-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Чүй облусунда 1383 (2012-жылы - 1193) жол кырсыгы катталып, 278 (2012-жылы - 247) адам каза тапкан. Ал эми 2025 (2012-жылы - 1762) адам жабыркаган. Ошондой эле жаш балдардын катышуусундагы 262 (2012-жылы - 240) жол кырсыгы катталып, 31 (2012-жылы - 26) бала каза тапкан.