Кемин районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Кемин РИИБине 1945-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 21-январь күнү болжол менен саат 12:40 чамасында Кемин шаарында жайгашкан үйүнө белгисиз эки киши кирип, арыздануучуга күч колдонушуп, жаздык менен тумчуктуруп, телефонун алышкан.
"Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИББинин жана Кемин РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелгендердин бири 1963-жылы туулган А.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.