Кантта "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылып, оодарылып калды. Айдоочу менен фельдшер жаракат алышты

Чүй облусунун Кант шаарында "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып калды. Кырсыктын кесепетинен "Тез жардам" унаасынын айдоочусу жана фельдшер жаракат алышты.

Окуя бүгүн, 24-январда саат 08:30 чамасында катталганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"Тез жардам" кызматы батышты көздөй бара жатканда жолдун кесилишинен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа чыга калган. Натыйжада унаалар сүзүшүп, "Тез жардам" кызматкерлери жаракат алышып, ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан