Митингден кийин ур-токмокко алынган эки жаран боюнча ИИМ маалымат таратты

Бишкекте 24-январь саат 00:05те Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка чейин жетти. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери, коомдук тартипти бузгандарды Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жеткирген. Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБине катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ш.Н. жана Н.А. аттуу жарандар Калык Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен Т.С. аттуу жарандын денесине жаракат келтирген. Т.С. жогорудагы адамдардан качып, Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан ИИМдин кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.

Милиция аларды кармагандан кийин Т.С. жазуу жүзүндө арыз берүүдөн жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Жеткирилген адамдардан да түшүнүк кат алынып, андан соң алардын баары дароо бошотулган. Учурда катталган материалды текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, мурунку баш прокурор Аида Салянова журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоо митингинен кийин ага катышкан эки жаран ур-токмокко кабылганын социалдык баракчасына жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
souza.j
2022-01-24 13:24:33
Салянова чарчабайт экен да
+2
zhaynak
2022-01-24 13:25:36
Не болдун эми Аида?
+3
alimbek94
2022-01-24 13:58:50
Бийлик коркутуп, үркүтүү аркылуу элди кул кылуунун амалын көрүп жатат. Бирок бийликтин бул амалы ишиебейт. Эл бийликтин кулу эмес
0
Arzybekkg
2022-01-24 14:04:41
alimbek94,коойсон прям ванганын небереси окшойсун а? Мамлекетте тартип болуш керек сага эненин жайлоосу беле
0
Fernando_Torres
2022-01-24 17:13:24
alimbek94,Аллах тартип менен жашоону сүйөт демократия деп өз каалганын кылып бокту деле жей берсең адам эмес аябан БОЛОСУНДАР ошон үчүн шарят закондорун сыйлагыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан