Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эркектер топтолуп, жалпы дарыгерлик практика борборунун эркек акушер-гинекологуна жумуштан кетүү талабын коюшкан. Аталган оорукананын жетекчиси Бакыт Ырысбеков менен байланышып, окуя тууралуу кыскача сурадык.
"17-январда саат 11:00 чамасында мен жыйналышка кеткем. Ошол учурда кишилер келиптир. Арасында молдо бар экен. Алар адиске жолугуп шариат боюнча эркек киши башка аялдарды, кыздарды карабашы керектигин, бул зынаа экенин айтышыптыр. Алар кызматкерге жумуштан кетүүсүн же башка жакка барып иштөөсүн талап кылып, эскертүү берип жаткандарын билдиришиптир.
Бул окуядан кийин биз акушер-гинеколог менен сүйлөшүп, жумуштан кетпөөсүн, колдоо көрсөтөрүбүздү айттык. Азыр адис ишин улантып жатат. Милиция кызматкерлери тарабынан бул иш каралып жатат. Бүгүн эскертүү бергендер менен акушер-гинекологду беттештирмек", - деди ал.
Белгилей кетсек, шаардын айрым тургундарынын жумуштан кет деген талабынан улам 27 жаштагы адис арыз менен милицияга кайрылган. Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облустагы координатору адис ишин улантып жатканын билдирген.