Ысык-Көлдүн Түп районунда бак-дарактарды кыйып жаткан жергиликтүү тургундар кармалышты. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, тургундар бактарды мыйзамсыз кыйып жатышкан.
"Бүгүн, 24-январда болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында Түп районунун Ой-Тал жана Ой-Булак автожолунун боюнда эки даракты кыйып жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармалышты.
Алар Ой-Булак айылынын тургундары 32 жаштагы Д.С. жана А.О. болуп чыгышты. Кармалгандар күнөөлөрүн моюнга алышты.
Учурда тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, юридикалык баа берүү үчүн Түп РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - дешти маалымат кызматынан.