Жалал-Абад шаарында 2 мектепти оңдоо иштери жүргүзүлөт

Жалал-Абад шаарында "ERIK" долбоорунун алкагында 2 мектепти оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Кыргызстандын туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун (ERIK) координатору Эрмек Биялиев менен жолукту. Анда аталган долбоор аркылуу шаардагы С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейин жана Б.Осмонов атындагы №5 гимназия мектебин реконструкциялоо маселеси каралды. Жогорудагы мектептер атайын критерийлер менен тандалган.

Тандалган мектептерде сейсмикалык коопсуздук жана энергияны үнөмдөө талаптарын эске алуу менен реконструкциялоо, суу менен камсыздоо, канализация жана ички дааратканаларды куруу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан