Бишкекте коомдук транспорттун эки каттамы өзгөрдү (схема)

Бишкек шаарында коомдук транспорттун эки каттамына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, шаардык транспорт башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын өткөрүлөт.

Комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү карап, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Түзүмдүн курамына Патрулдук кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтердин өкүлдөрү кирет.

"Жакында болуп өткөн жыйында 5 маселе каралды. Талкуунун жыйынтыгы менен Киев көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнө жана Чүй кең көчөсүнө чейин №166 кичи автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Беш-Күңгөй айылына каттаган №12 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлүп, калган схема өзгөрүүсүз калды.

Үч маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан