Коңшу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турниринин алкагында футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Иранга 0:10 эсебинде утулду.
Бул Кыргыз улуттук курама командасынын аталган турнирдеги экинчи ири жеңилүүсү. Улуттук курама турнирдеги алгачкы жолугушуусун Тажикстан курама командасына каршы өткөрүп, 1:1 эсебинде тең чыккан. Экинчи оюнда улуттук курама Өзбекстанга 11:0 эсебинде жеңилип калган.
"CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турнири 29-январга чейин созулат. Турнирге Кыргыз өлкөсү, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышууда.