Улуу Британия бийлиги Украинадагы элчиликтин айрым кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Орусиянын басып алуу коркунучу тууралуу эскертүүсүнөн кийин чыгарып кете баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бийлик британ дипломаттарына эч кандай өзгөчө коркунуч жок деп ишендиришкен. Бирок Киевде иштеген кызматкерлердин жарымына жакыны Улуу Британияга кайтып барат.
"Орусия тараптан күчөп бараткан коркунучка жооп катары элчиликтин айрым кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү Киевден чыгарылып жатат. Британ элчилиги ачык бойдон калат жана маанилүү иштерди аткарууну улантат", - деп айтылат Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Британ жарандарына өтө зарылчылык болбосо Украинага барбай турууну сунуштаган.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти АКШнын Киевдеги элчилигинин кызматкерлеринин бир бөлүгүнө жана дипломаттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Украинадан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө уруксат берген.