Бишкек шаарынын Көлмө конушуна жакын жерде көмүр жүктөгөн КамАЗдын айдоочусу жеңил унаадан качам деп көмүрү менен кошо жолдун ортосуна кулады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, КамАз жүк ташуучу унаасы көмүрү менен кошо жолдун так ортосуна кулаган. Кырсык Махатма-Ганди көчөсүндө болгон.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.