"Чеч формаңды, мен эркекмин". Интернетке жол кыймылынын кызматкеринин катышуусундагы видео жарыяланды

Социалдык тармактарга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкеринин катышуусундагы видео жарыяланды.

Видеодо көрүнгөндөй, кызматкер менен белгисиз адам кайым айтышкан. Анда видеого тартып жаткан адам кызматкерге "Чеч кийимиңди, мен эркекмин" деп кайрылган. Ал эми кызматкер үстүндөгү кийимин чечип, "Сөгүнбө" деп айткан.

Бул видео Ош-Сары-Таш–Эркеч-Там унаа жолунун 80-чакырымында тартылганын Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

"21-январь күнү Алай районунун Гүлчө айылында, тактап айтканда Ош-Сары-Таш–Эркеч-Там унаа жолунун 80-чакырымында Алай РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери М.У. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан. Ошол учурда Хюндай Портер унаанын айдоочусу жол эрежесин бузгандыктан унааны токтоткон. Уруксаты жок унаага кошумча жабдыкты орнотуп алганы үчүн айдоочуга карата Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин ("ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу") негизинде протокол түзүп жаткан учурда, унаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун тургуну, 1998-жылы туулган С.уулу Р. унаадан түшүп, кызматкер М.У.га протокол түзүүгө тоскоолдук жаратып, ар кандай чагымчыл аракеттерди жасап, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Жол тескөөчү менен жүргүнчүнүн ортосунда кайым айтышуу болгон.

Азыр бул окуя боюнча Ош ОИИБинин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди Теңизбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amirrus
2022-01-25 02:19:07
Водители камагыла суканы, гаишник ойноп турган жок да суукта,шантаж кылган ИТ ал кот бала тааныйм ,урсан Бир жыл жатмак олугун артып ,ошентип тиргилик кылганга отуп алган окшойт сосед
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан