Чүй облусунун Аламүдүн районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 69 жаштагы аялдын кийимдери Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Мурас-Ордо конушунун тургуну 1953-жылы туулган А.А. аттуу аял киши 23-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
"24-январда изделип жаткан аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушундагы Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн астынан табылды. Жерине 4 куткаруучу, 1 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 17:56да кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн издөө иштери улантылат", - дешти мекемеден.