Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында балык уулоого кеткен эки киши кайык менен сууга агып кетишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алар аман-эсен жээкке чыгышты.
Белгилүү болгондой, 25-январда түндө Токтогул шаарынын 1998-жылы туулган С.Н. жана 1999-жылы туулган Б. уулу Н. аттуу тургундары кайык менен Токтогул суу сактагычына балык уулоого чыгып суунун агымы менен агып кеткен.
"Алар куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө суу менен агып бара жаткандыгын кабарлашкан. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 1 киши тартылды. Издөө, куткаруу иштери башталганда алар аман-эсен жээкке чыгып алышканын билдиришти", - дешет маалымат кызматынан.