Бүгүн, 25-январда өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Буга Борбор Азиядагы электр чынжырчасындагы авария себеп болгон. Электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын берип жатат.
Айтымында, шакекчедеги авариянын себебин аныктоо боюнча эл аралык комиссия түзүлөт. Комиссия эл аралык болуп, ага коңшу (электр жарыгы өчүрүлгөн өлкөлөр) мамлекеттердин өкүлдөрү дагы кирет.