Кара-Балта шаарында коомдук тамактануучу жайдын кызматкерлери менен кардарлардын ортосунда чыр чыгып, бир адам бычакталып каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция коомдук тамактануучу жайдын кызматкерлери менен тамактануучу жайга келгендердин ортосунда чыр чыгып, ал мушташка чейин жеткенин аныктаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташтын катышуучуларынын бири бычактан алган жаракатынан улам каза болуп, дагы бир жаран жаракат алган. Каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жаңжалдын катышуучулары райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
"Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.