Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштери башталды. Билим берүү чөйрөсүндөгү абал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык маселесинин, анын ичинде өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердигинин жана өлкө турмушунун бардык башка чөйрөлөрүнүн түзүлүшүнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.
"Мурдагы жана азыркы депутаттардын жасалма дипломдорду пайдалангандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү укук ченемдик актылардын одоно бузулушуна байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары тарабынан билим берүү процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун, анын ичинде жогорку окуу жайлардын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн бар экендигин көрсөтөт. УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтуруларын эскертет", - деп айтылат маалыматта.