"Казакстан электр тармактарын башкаруу компаниясы" акционердик коому Борбор Азиянын үч өлкөсүндөгү электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн Борбордук Азиянын (Өзбекстан, Кыргызстан) энергетикалык тутумунда түзүлгөн олуттуу авариялык дисбаланстын кесепетинен "Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан" 500 кВт электр энергиясын транзиттик өткөрүүдө электр энергиясы кескин жогорулаган.
Натыйжада авариялык абал жаралган.
Учурда "KEGOC" компаниясынын системалык оператору кырсыкты жоюу боюнча чаралар көрүлүп жатат.