27-30-январь күндөрү Орусиянын Красноярск шаарында өтө турган "Иван Ярыгиндин Гран-Приси" эл аралык мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 9 балбан катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Турнирге катыша турган балбандардын тизмеси: 47 килограмм салмакта: Алмаз Сманбеков, Бекзат Алмаз уулу;
61 кг: Улукбек Жолдошбеков, Тайырбек Жумашбек уулу;
70 кг: Орозобек Токтомамбетов;
74 кг: Исламбек Орозбеков, Эламан Догдурбек уулу;
79 кг: Арсалан Будажапов;
86 кг: Саякбай Усупов;
Машыктыруучу: Исламбек Тазабеков.