Ысык-Көлдө бактарды мыйзамсыз кыюулардын алдын алуу жана аныктоо максатында комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын алкагында мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап жүргөн эки жаран аныкталды.
Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 24-январда туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине билдирүү түшкөн.
"Жети-Өгүз" курортунда 51 жаштагы А.К`нын үйүнүн короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана Тянь-Шань карагайы табылган. Үйдүн ээси кыйылган карагайларга тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздарын милиция кызматкерлерине көрсөтө алган жок.
Ошол эле күнү "Жети-Өгүз" токой-чарбасынын тилкесинен Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Б`нын башкаруусундагы Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен уруксат кагаздары жок 7 даана Тянь-Шань карагайы табылган.
Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иш кагаздары толтуруп, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.