Чүй облусунун Токмок шаарында гараж күйүп, бир киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, гараж толугу менен күйүп кетти.
Белгилүү болгондой, жалпы аянты 68 чарчы метр бастырма жана гараж толук, май куюучу 10 челек күйдү. Өрттүн кесепетинен 1969-жылы туулган Ж.Т. аттуу эркек киши колунан жана бетинен жеңил күйүк алып, ооруканага жеткирилди. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.