Бишкекте Даниэл Мамасалиев 1 аптадан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Ленин РИИБинен кабарлашкандай, өспүрүмдүн жакындары 21-январда милиция кызматкерлерине кайрылышкан.
Маалым болгондой, Даниэл Мамасалиев 19-январда саат 14:15 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз болууда.
Изделип жаткан өспүрүмдүн бою 150-160 сантиметр, чачтары кара, арык. Кийип жүргөн кийимдери кызыл түстөгү жемпер, кара түстөгү спорттук шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.
Эгерде сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматы бар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнүшөт.
Байланыш номерлери: 0312 35 26 05, 0312 44 44 57, 0312 35 26 32, 0500 03 20 00, 0554 60 60 00, 0703 40 16 00, 0705 45 05 53 же 102.