Дарыканадан акча талап кылган УКМКнын “жалган” кызматкери кармалды

Милициянын кайгуул кызматы УКМКда иштейм деп, жасалма документ менен жүргөн адам кармалганын кабарлады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-январда саат 15:45 чамасында 102 номерине Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада акча талап кылуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Ал жерге барган милиция кызматкерлерине 41 жаштагы У.Т. аттуу тургун арыз менен кайрылып, белгисиз адам өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштээрин айтып, белгисиз кызматтык күбөлүгүн көргөзүп, акча талап кылганын билдирген. Ыкчам кармоо иш-аракеттеринин натыйжасында 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу адам кармалып, кызматтык күбөлүгү текшерилип ал жасалма экендиги аныкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан