-24, -10 килограмм... Шоу-бизнестин ашыкча салмактан арылып жаткан өкүлдөрү

Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында сырткы келбетине кам көрүп, ашыкча салмактан арылууга аракет кылгандар жок эмес. Акыркы учурда айрымдары жакшы жыйынтыкка жетишип жатканын байкоого болот. Бул жолу ашыкча салмактан арылуу аракетин көргөндөрдү тизмектейбиз.

Шоумен Бакыт Байсариев дээрлик эки айда 10 килограммдан ашык салмак таштады. Айтымында, туура тамактануу, спорт менен машыгуу жана күнүнө 2 литрден ашык суу ичүү салмак таштоого жардам берүүдө. Алып баруучу ушул эрежелерди кармануу менен 50 күндө 11 килограммга арыктаган.

Ырчы Малика Дина деле туура тамактануу, спорттук көнүгүүлөрдү жасоо менен ашыкча салмактан арылып жатканын белгилейт. Алсак ал эки аптада 6 килограмм салмак таштаган.

Ал эми ырчы Сайкал Садыбакасова 4 айда 24 килограммга арыктады. Ырчы мындай жыйынтыкка кантип жеткени тууралуу буларга токтолду.

"Атайын арыктатуучу каражатты ичип ушундай жыйынтыкка келдим. Негизи мен ашыкча салмактан арылам деп бир нече каражаттарды ичип көргөм. Бирок алардын баары эле кайсы бир ооруларды чакырат экен. Ошондон кийин көңүлүм калган. Баарына эле ишенип иче берген болбойт экен. Бир жолу аябай жакын тааныш эжем организмди тазалайт деп бир каражатты берди. Бул деле жардам бербейт, зыян болсо керек деген ой менен коюп койгом. Кийинчерээк туулган күндүк кечеден келгенден кийин ашказаным аябай ооруду, ашыкча тамактанып алган окшойм. Кыйналып жаткам, ошондо баягы эжем берген порошок көзүмө урунду. Окусам Малайзияда өндүрүлгөн экен. Ишенимдүү эле экен деп ичип алгам. Эртеси организмим тазаланды. Ошондон кийин бул каражат тууралуу кеңири маалымат алып, эч кандай зыяны жок экенин, тескерисинче, иммунитетти көтөрөрүн билип иче баштадым. Башында 89 килограмм болчумун, азыр 65 килограмм болду салмагым", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KG_CH
2022-02-02 01:16:40
Жарнамаңар эле бир укмуш, эми биз Сайкалдын баракчасын ачып эле жааалдырап издеп калат экенбиз да ээ
+3
joke81kg
2022-02-02 08:54:22
Сайкал ото семирип кеткен болчу
+3
Asmat84
2022-02-02 10:10:40
joke81kg, Малика да өтө семирип кетиптир эле
+3
Aimani
2022-02-02 12:24:31
Сайкал дары ичип эмес,туура тамактанып,физически кыймылдап арыкташ керек. Баары Бир дары зыян анан да кайра эле семирип кетесин. Омур бою ичпейсин да.
+3
Isken90
2022-02-02 20:50:50
Не кылсанарда туура кылдынар ато кун ысыкта сасып кетмексинер
+2
Jibani
2022-02-02 21:24:09
Бул жакта семире албай жатса)))
+1
Dembele84
2022-02-02 21:47:14
Диета сактабаса булар семирип кете тургандар,генинде бар семирип кеткич
0
algakaray
2022-02-02 22:42:46
Кундо майрам кундо той Да булардыкы. Семирет да анан.
+1
modem4999
2022-02-02 23:52:16
Туура тамактансанар эле арыктайсынар,дары ичпегиле ден соолугунарды талкалайсынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан