Аламүдүндө бөтөлкөлөштөрдүн жаңжалы бычакташуу менен аяктады

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мас абалында уруша кеткендердин бири бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январь күнү саат 21:17де Аламүдүн РИИБине Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетип, бири бычак менен экинчисинин денесине залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты кылмыштардын билдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жаштагы Д.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан