Чүйдө жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Чүйдө жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январда Москва районунун Беловодск айылында жөө жүрүүчү унаа сүзүп кеткен. Айдоочу токтоп жаракат алган адамга жардам берүүнүн ордуна окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жөө жүрүүчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Милиция кызматкерлери издөө иштеринин жыйынтыгында окуяга себепкер айдоочуну жана унааны аныктаган. Шектүү катары 43 жаштагы И.Т. аттуу орус жараны кармалган. Ал окуя болгон жерден качып, унаасын үйүнө алып барып бекитип койгон жеринен табылган.

Учурда тергөө иштери башталган.

Айдоочу камакка алынып, унаасы айып короосуна токтотулган.

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан