Кудрет Тайчабаров кабылган жол кырсыгы боюнча кайгуул кызматы маалымат беришти

Бишкекте Масалиев көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 12:45 чамасында 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу Daewoo Kalos үлгүсүндөгү унаа менен А.Масалиев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Ч.Айтматов көчөсүнөн кесилишинен Т.К. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу жабыркап, 4-ооруканага жеткирилген.

"Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат", - дешти атайын кызматтан.

Буга чейин окуя боюнча Кудрет Тайчабаров билдирүү жасап, жол кырсыгына экинчи айдоочу себепкер экендигин, эч ким жабыркабагандыгын билдирген болчу.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2022-01-26 19:07:19
Берки айдоочу, уступи знактан чыгыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан