Экоактивист жана сүрөтчү Влад Ушаков Нарын дарыясынын бүгүнкү күндөгү абалын сүрөттөрү менен көрсөттү. Анда Токтогул суу сактагычына куюучу Нарын суусу дээрлик жокко эсе экенин байкоого болот.
"Бул жыл ичиндеги биринчи коркунучтуу көрүнүш. Токтогул суу сактагычына кошулуучу Нарын суусу дээрлик жок. Сүрөттө Нарын дарыясынын Камбар-Ата 2 ГЭСинин агымы. Сууну үнөмдөйлү!", - деп жазат ал.
Ошондой эле сүрөтчү Нарын дарыясынын былтыркы сүрөтүн жарыялап, айырма чоң экенин белгилеген.