"Бишкек" эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы аныкталды

Башкы прокуратура жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Бажы кызматынын жана "Бишкек” эркин экономикалык аймагында кызмат адамдардын колдоосу менен жеке фирма уруксаты жок уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2022-01-26 15:23:39
Кантип болуп алса болот экен, супер инфо кенен маалымат алып бизге айтып берсенер элге чон жардам берген болот эленер. Билип бергилечи чооон сураныч, Кыргыз элинин атынан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан