Бүгүн, 26-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 311 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 147 метр куб, агып чыгышы 600 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 26-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 975 миллион метр кубду түзгөн.