Чүй облусунун Кемин районунда жайлоодон жылкы уурдап, малды сойгонго шектүүлөр аныкталды. Алар мурда сот жообуна тартылган дешет Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, Кемин районунун 24 жаштагы И.Б. аттуу тургуну милицияга кайрылган. Ал 19-январга караган түнү Жылтыр жайлоосунда белгисиз адамдар 150 миң сомдук жылкысын союп кетишкенин билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда соттолгон 50 жаштагы Д.Н. жана 51 жаштагы Ж.А. Чүй облусунун тургундары болуп чыкты. Алар алгач жылкыны уурдап, малды союп, этин алып кетишкен.
Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Тергөө иштери уланууда", - дешти маалымат кызматынан.