Кудрет Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы катталганы боюнча пикирин билдирди

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров социалдык тармактагы баракчасында Бишкек эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы катталды деген маалымат боюнча пикирин билдирди.

"Башкы прокуратура "Бишкек" эркин экономикалык аймагында алтын бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иштер жүрүп келген дешти. Бирок бул 2019-жылга чейин болгон. Ал кезде биз жок болчубуз.

Бул иш мурун "Эрик металл" ААКсы тарабынан жүргүзүлгөн. Ал 2019-жылдары жүргүзгөн. Бажы кызматынан уруксаты менен гана чыгарылган", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал алтын бөлүп алуу кайсы жылдары жүргүзүлгөнү боюнча таблицаны дагы көрсөткөн.

Буга чейин "Бишкек" эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы аныкталганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2022-01-26 16:10:52
Бул Кудрет Тайчабаров акын жазуучу беле. Же фамилиясы окшошпу
+3
Belek1710
2022-01-26 16:13:33
Asmat84,Акын, 2019дан кийинкисин кантип көрсөтмөк эле
+1
Datka7777
2022-01-26 17:34:18
Asmat84,туура эле баамдагансыз
+1
bermet104
2022-01-26 18:48:18
Ырчыларга ыр чыгарып, журналист болуп журчу. Карындашынын артынан СЭЗге башчы болуп калган го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан