Жалал-Абадда абактын ичине баңгизат ыргыткан адам кармалды

Түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ыргыткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемесинин ыкчам кызматкерлери менен ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери №10 мекеменин аймагына баңгизатты мыйзамсыз сатып өткөрүүгө шектелген жаранды кармашты. 10-январь күнү Жалал-Абад шаарында болжол менен 05:30 чамасында №10 түзөтүү мекемесинин короосуна белгисиз адам тарабынан скотч менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар 17 таңгактагы баңгизатты ыргытышкан.

"12-январда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" менен кылмыш иши козголгон. 14-январь күнү Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургуну 1975-жылы туулган М.Б. кармалды. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, түзөтүү мекемесине ыргытылган баңгизат “Марихуана” экендиги аныкталды. Анын жалпы салмагы 9 килограмм 430 граммды түздү. Кармалган жаран Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан