Йемендин жараны Бахейт Халед Абдулла Мохамедге Кыргыз жарандыгы берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал көп убакыттан бери Кыргыз жарандыгын ала албай, мамлекеттик тиешелүү органдарга кайрылып, бирок натыйжа чыккан эмес.
"Бул арызды кароонун жүрүшүндө Акыйкатчы аппараты УКМКга Бахейт Халед Абдулла Мухамедди Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле буга чейин Кыргыз жарандыгынан баш тартуунун себептери боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн. УКМКнын жообунан келишим жол-жобосу жүрүп жатканы, эч кандай тоскоолдуктар жок, башкача айтканда, арыз ээсинин документтери кабыл алынганы жана тиешелүү комиссиянын андан ары кароосуна уруксат берилгени көрүнүп турат", - деп билдирди Акыйкатчы институту.
2021-жылдын 5-октябрында Бахейт Халед Абдулла Мухамеддин документтери мындан аркы иштөө үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине өткөрүлүп берилген. Ал эми көп убакыт өтпөй эле 2021-жылдын 2-декабрында департаменттен УКМК менен макулдашылгандан кийин 2021-жылдын 22-ноябрында арыз ээсинин Кыргыз жарандыгына кабыл алуу боюнча арызы андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык берүү боюнча комиссияга жөнөтүлгөнү тууралуу жооп келген.
Президенттин 2022-жылдын 18-январындагы №8 жарлыгына ылайык, 1963-жылы туулган, улуту - араб, Йемен мамлекетинин Аден шаарында туулган Бахейт Халед Абдулла Мухамед Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган.