ЖКККББнын жетекчисинин орун басарынын жана Эсеп палатасынын аудиторунун дипломдору жасалма деп шектелүүдө

Эки мамлекеттик кызматкердин дипломдору жасалма деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун текшерүү тууралуу президенттин тапшырмасынын алкагында, УКМК тарабынан 2 факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Биринчиси Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилеринин бири, милициянын полковниги С.Ы.К. Экинчиси Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири С.З.А. Алынган маалыматтарга ылайык, алардын бири кадр бөлүмүнө Орусия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги тууралуу диплом, экинчиси Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу диплом алган.

Учурда бул фактылар боюнча тийиштүү материалдар мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн УКМК тарабынан каралып жатат.

Өздүк булактардын билдиришинче, диплому жасалма деп шектелип жаткандардын бири Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, полковник Саркулов Ыманалы Кадырбаевич.

Экинчиси болсо Эсеп палатасынын аудитору Сатаев Зарылбек Апасович.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Goodyer
2022-01-26 21:15:19
Бир Орозайымдын мандатын алабыз деп канча адамдын былыгы чыга турган болду)))))))))
+2
Asmat84
2022-01-26 21:47:38
Охоо дагы көптөгөн чиновниктер жыгылат го миңдеген долларга, бул дипломдун артынан Ташиев
Чиновниктердин жакшы саай турган жагын таап алышыптыр
+1
Akjol18
2022-01-27 01:41:50
С.Ы.К деп жазып келип аягында толук аты жөнүн
жазып койдуңарго,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан