
Баткен облусунун Лейлек районундагы Көк-Таш айылынын тургундары чек арага чектеш айылдардын тизмесине киргизүүнү суранып, президент
Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы
Камчыбек Ташиевге жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Абдикарим Алымбаевге кайрылышты.
"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алымбаевге Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын тургундары кайрылабыз. Себеби райондогу Сумбула айылдык аймагындагы Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу кирип калганы күлкүлүү.
Көк-Таш айылы борбордон 1100 чакырым, райондун борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чек арага чектешкен айыл болгондуктан көйгөйлөр дагы болбой койбойт. Эл кыйналган учурлар болуп жатат", - деп билдиришти тургундар.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алымбаев жогорудагы маселе боюнча Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмеси боюнча абдан көп кайрылуулар болуп жатат. Буга чейин өзүмдүн баракчамда бул тизме боюнча маалымат бергем.
Аталган тизмедеги өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактары өкмөттүн 2020-жылдын 26-июнундагы №359 токтомунун негизинде кабыл алынган.
Туура, сиздер айтып жаткандай, тизмеге Баткен облусунун аймагындагы чек арага жакын айрым айылдары ошол эле кезде кирбей калган экен. Алар кайсы айылдар экендиги боюнча да маалыматыбыз бар. Учурда ошол 62 айылдын тизмесине кирбей калган айрым айылдар боюнча бүгүнкү күндө иштеп жатабыз.
Бул маселени жеке өзүм гана чече албайм. Бул боюнча өкмөттүн атайын комиссиясы да түзүлгөн. Кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча болгон күч-аракетибиз менен иштеп жатабыз", - деп жазган Алымбаев.