Чүй райондук милициясы жарандарга уурулуктун алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү

Чүй райондук милициясы жарандарга уурулуктун алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 26-январда Чүй райондук милициясынын жетекчисинин орун басары, подполковник Асылбек Назаралиев Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Арык айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Дөң-Арык айылынын жашоочуларына Асылбек Назаралиев айыл жергесиндеги мал уурулугун алдын алуу үчүн малдарын түнкүсүн кароосуз калтырбоо, талааларга таштап койбоо керектигин айтып, коопсуздук эрежелерин туура сактоо боюнча кеңешин берди.

"Жолугушуу учурунда милициянын көчмө кабылдама унаасы менен барган тартип сакчылары өлкөдө орун алган санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча жарандарга кеңири маалыматтарды дагы берип, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу боюнча кеңештерин айтышты. Ошондой эле уурулуктун башка түрлөрүн болтурбоо, соода-сатык түйүндөрүндө жана дарыканаларда контролдук-кассалык аппараттарды коюу боюнча түшүндүрүү иштери айтылды. Жолугушууга келген жарандарга мал уурулугун алдын алуу үчүн Чүй райондук милициясы тарабынан даярдалган буклеттер дагы таратылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан