Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин кызына таандык болгон компаниянын директору өз жанын кыйды

Нур-Султан шаарында казакстандык "Оператор РОП" компаниясынын башкаруучу директору Руслан Шамшиев өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Руслан Шамшиев 43 жашта болгон. Ал Нур-Султандагы "Astana Apartments" бизнес борборунун 6-кабатында жайгашкан кеңсесинде өз жанын кыйган. Бул боюнча полиция кылмыш ишин козгоду.

Казакстанда январь айынын башында орун алган тополоңдон кийин Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары боюнча вице-министри Ахметжан Примкулов менен "Оператор РОП" компаниясынын төрагасы Медет Кумаргалиевдин "коррупциялык кылмыштарды жасаган" деген шек менен кармалганын жарыялаган.

"Оператор РОП" Казакстанда тополоң болгонго чейин таштандыларды чогултуу менен алектенген компания. Жергиликтүү басылмалар компания Казакстандын биринчи президентинин кичүү кызы Алия Назарбаевага тиешеси бар экенин жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nargiz-sa
2022-01-26 19:58:14
Казактар абдаан назик калк окшойт, башына бир ааз оорчулук түшсө эле өз жанына кол салып же ошончо уяттуу немелерби элдин арасында басып жүрүшүн элестетип? Биздикилер таш менен темирдей окшойт деп калдым жада калса качкын президенттерибиз да кайра дооронун сүрүп элден деле уялбай келип аралашып эле беймараааал да. Ошолордун терисинен буюм жасаса эч нерсе болбой укумдан тукумга өтүп канча адамды көмсө керек
+10
Datka7777
2022-01-26 20:26:48
nargiz-sa, назик эмес, арам акча аш болбойт
0
nazira...
2022-01-26 20:41:47
nargiz-sa,эээ айтсаң айтпасаң да ушинтип сүдүрөлүп жашап келе жатабыз, ушунусуна шүгүр деп, кыргызчылык деп.
+4
Mister-XXX
2022-01-27 03:44:00
nargiz-sa,Казакстанда соттолгон адамды кыйноо боюнча алдынкы орунда турат.Эгер соттолуп кетсе ит көрбөгөн күндү көрөт.Аны билишет,ошон үчүн өздөрүнүн жанын өздөрү кыйып жатышат.
+2
Ak_Bulut
2022-01-26 22:58:03
Өлтүрүп коюушту
+3
modem4999
2022-01-26 23:16:51
Бир нерсени билет да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан