Мурас-Ордодо 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 69 жаштагы аялдын жансыз денеси каналдан табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мурас-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 69 жаштагы аялдын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Мурас-Ордо конушунун тургуну, 69 жаштагы А.А. аттуу аял киши 23-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

24-январь күнү аталган жарандын кийимдери Калыс-Ордо конушундагы айланма унаа жол менен Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн астынан табылган. Ушул күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Жеринде Аламүдүн районунан 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада аял кишинин жансыз денеси табылган", - деп билдиришти ӨКМдан.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан