Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 629 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, стационарда дарыланып жаткан 1044 бейтаптын ичинен:
канааттандырарлык - 17;
орто оор абалда - 633;
оор абалда - 394;
өтө оор абалда - 60.
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 1044 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6501 бейтап бар.
Жалпы айыккандардын саны 185 167 бейтапты түздү.