ӨКМ: "Чаткалда автоунаа өтүүчү көпүрөгө тоңгон муз тазаланды"

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда автоунаа өтүүчү көпүрөгө тоңгон муз тазаланып, кооптуу абал жоюлду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
ӨКМдан билдиришкендей, Чаткал районунда жайгашкан Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-чакырымындагы Терс суусунда жайгашкан автоунаа өтүүчү көпүрөгө муз тоңуп сууну тосуп, кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу, 1 жүктөгүч унаа тартылып, аталган жайда тазалоо жумуштары саат 18:35те жыйынтыкталган. Учурда жаралган кырдаал толугу менен жоюлду.
Белгилей кетсек, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу кечки саат 18:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылуу чечими район акими тарабынан кабыл алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан