“Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иш алып барган ишкана 2019-жылы эле ишин токтоткон. Бул тууралуу «Бишкек» ЭААнын башкы дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы ишканалардын чарбалык иштерине кийлигише албайт. Ал “Бишкек” ЭЭАнын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ишканалардын аймактарын физикалык түрдө коргойт.
"Бул жерде айтылып жаткан ишкана “Бишкек” ЭЭАнын аймагында 2000-жылдан 2019-жылга чейин иштеген «Эрик Металл» ЖЧКсы болуусу мүмкүн. Ал магний, алюминий жана башка металлдарды кайра иштетип, өндүрүп келген. 2017-2018-жылдары «Эрик Металл» ЖЧКсы курамында алтыны бар тоо тектерди алып келип, экспорттоп турган. Товарларды бажылык көзөмөлдөө “Бишкек” ЭЭАнын бажы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле маалыматта "Бишкек" ЭЭАнын аймагында кен иштетүү жана бөлүп алуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганы айтылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясында ишканалардын бири алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иштеп келгенин билдирип, кылмыш ишин козгогон.