Ошто зордуктоо боюнча жалган арыз жазган деп шектелген кыздын баш коргоо чарасы каралды

Ошто зордуктады деп жалаа жапкан делинип кармалган 19 жаштагы кыздын баш коргоо чарасы каралып, камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун 19 жаштагы Х. кызы К. аттуу тургунунун баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралган. Соттун чечимине ылайык, 17-февралга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айында кыз түнкү клубда мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен адам менен таанышып, андан кийин экөө мейманканага баргандыгы кабарланган. Кыздын айтымында, ал анын эркине каршы зордуктаган.

Андан кийин жалган маалымат бергендиги үчүн зордукталды делген кыздын өзү кармалгандыгын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген.

Кийин милиция ал кыздын зордукталбаганы аныкталганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан