Баткенде 2 күн ичинде 4 өспүрүм тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды

Баткен облусунун Лейлек районунда "Селсаяк" аталышындагы иш-чара өтүп, жашы жете элек 4 баланын тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Иш-чара 24-25-январь күндөрү жүргүзүлүп, аймактагы орто мектептерде милиция кызматкерлери ата-энелерге, окуучуларга чогулуштарды уюштуруп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

"Ошондой эле өспүрүмдөргө жол коопсуздугу боюнча жол эрежелери окутулду. Базарларда, көчөлөрдө тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоодо 4 өспүрүм кайыр сурап жүргөнү аныкталды. Алардын жашаган даректери аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан